КИСЛОВОДСК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИСЛОВО́ДСК – Россиядагы шаар (1830-жыл­дан). Ставрополь крайынын түш.-батышында, Чоң Кавказдын түн. этегинде, Ольховка ж-а Бе­рёзовка д-нын өрөөнүндө, деңиз деңг. 817– 1062 м бийикте жайгашкан. Кавказ минерал­дуу суулар тобунун курамындагы эң ири баль­неол. климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Т. ж. бекети. Автомобиль жолу аркылуу Минераль­ные Воды ш. м-н байланышат. 1803-ж. Кисло­водск чеби катары негизделген. 19–20-к-дын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жыл­дан музей), Ребровдун үйү (1829-ж. А. С. Пуш­кин келген; 1837-ж. М. Ю. Лермонтов жаша­ган), живописчи Н. А. Ярошенконун чарбагы (1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графи­касы м-н живописинин топтому коюлган), нео­готика стилиндеги Нарзан галереясы, павильон-

Курорттогу нарзан суусу менен ванна алуучу жай.

дор (20-к-дын башы), дачалар ж. б. сакталган. Тамак-аш–татымал, жеңил, эмерек ө. ж. иш­каналары, «Нарзан» минералдуу суусун бөтөл­көгө куюучу з-д иштейт. Гуманитария-тех., эко­номика ж-а укук ин-ттары (1992), ун-т (фи­лиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда ж-а ага жакын жерде көптөгөн та­бигый эстеликтер кездешет.