КИРХГОФ Густав Роберт: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИ́РХГОФ Густав Роберт (12.3. 1824, Кёнигс­берг – 17. 10. 1887, Берлин) – немис физиги.
Берлин ИАнын мүчөсү (1874), Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1862). Кёнигсберг ун-тин бүткөн (1846). 1875-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Берлин ун-тинин математика-физика кафедра­сынын башчысы болуп иштеген. Ал оптика, электр-динамика, механика б-ча ил. изилдөө­лөрдү жүргүзгөн. К. тармакталган электр тиз­мегинде электр тогунун законун (к. Кирхгоф эре­жеси, 1847) ачкан. К. немис химиги Р. В. Бун­зен м-н бирге спектрдик анализге негиз салган. 1859-ж. жылуулук чыгаруу кубулушунун негиз­ги закондорунун бири – Кирхгоф нурлануу за­конун ачкан ж-а физикага абсолюттук кара нерсе түшүнүгүн киргизген.