КИРХГОФ Густав Роберт

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РХГОФ Густав Роберт (12.3. 1824, Кёнигс­берг – 17. 10. 1887, Берлин) – немис физиги. Берлин ИАнын мүчөсү (1874), Петербург ИАнын корреспендент-мүчөсү (1862). Кёнигсберг унивеситетин бүтүргөн (1846). 1875-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Берлин университетинин математика-физика кафедра­сынын башчысы болуп иштеген. Ал оптика, электр-динамика, механика боюнча илимий изилдөө­лөрдү жүргүзгөн. Кирхгоф тармакталган электр тиз­мегинде электр тогунун законун (к. Кирхгоф эре­жеси, 1847) ачкан. Кирхгоф немис химиги Р. В. Бун­зен м-н бирге спектрдик анализге негиз салган. 1859-ж. жылуулук чыгаруу кубулушунун негиз­ги закондорунун бири – Кирхгоф нурлануу за­конун ачкан ж-а физикага абсолюттук кара нерсе түшүнүгүн киргизген.