КИРИЛЛИЦА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИРИ́ЛЛИЦА – байыркы славян эки алиппесинин бири (глаголица м-н бирге). 9-к-дын аягы, о. эле 10-к-дын башында пайда болгон. К. деген ат славян алиппесин алгач түзгөн агартуучу Кириллдин ысмынан коюлган. Байыркы К-да грек жазмасынан алынган 24 тамга болгон. Кийин ага славян тилдеринин грек тилинде жок тыбыштарын туюнтуу үчүн 13 тамга кошулган. К-нын келип чыгышы ж-дө так маалымат жок. 11–12-к-га чейин К. м-н глаголица бирдей колдонулуп, бара-бара глаголица колдонулбай калган. Бул алфавитти түзүү болгар ага-ини Кирилл м-н Мефодийдин диний-саясий-агартуучулук ишмердигине байланыштуу болгон. Алар грек алфавитинин негизинде алиппе түзүшүп, дин китептерин славян тилине которушкан. Адегенде К. түш. (болгар, серб, македон) ж-а чыгыш славяндарга (орус, беларусь, украин) тараган. Россияда 1708-ж. бул алфавит реформаланып, орус алфавитинин негизин түзгөн. 1941-ж. кыргыз алфавити К-нын негизинде түзүлүп, ага үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Сүрөтү 301-бетте.