КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНОФИ́ЛЬМ КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ , к. Фильм. – фильмди түзүүдөгү чыг-лык ж-а тех. процесс. Мында тар­тылган киноматериалдардан же кураштырма кадрдан тандоо, ылайыкташтыруу ж-а туура келтирүү аркылуу кураштырып кинофильм түзүлөт. Бул процесс фильмдин драматургиялык ж-а тема түзүлүшүнө байланыштуу болуп, анын сценарийи же киного тартуу планы м-н белги­ленет. К. к. фильмдин сценарийине толук туура келип, кадрдын масштабы, эпизоддун жүрүшү, декорациянын көрүнүшү ж-а үндүн угулушу бири-бирине шайкеш келгендей талапта атка­рылат. К. к. төмөнкү ырааттуулукта иштелет: позитив болуп тартылган кинотасма ж-а фоно­граммалуу магнит тасмасы көрүүгө даярдалат; кинотасма бөлүк-бөлүк жабыштырылып, бел­ги коюлат, сүрөт м-н үн бири-бирине дал келти­рилет. Эпизоддордун тандалып алынган дубл­дарынан сцена ж-а сюжет түзүлөт. Андан ки­йин кураштырылган эпизоддор фильмдин бүткүл сюжети б-ча ырааттуулук м-н каралып чыгат да, керектүү жазуулары жазылат. Мурда 3–5 ммлик магнит тасмасына жазылган үн фо­нограммасы бир тасмага көчүрүлүп, кинофильм­дин эки тасмага (бирине сүрөт түшүрүлгөн, экин­чисине үн) жазылган жумушчу нускасы түзүлөт. Ал кинотасма иштетүүчү цехке берилип, ошол б-ча негатив жасалып, андан сүрөт ж-а фоно­грамма бир тасмага түшүрүлгөн позитив алы­нат. Бул иштер киностудиянын кураштыруучу ж-а үн цехтеринде аткарылат. Телефильмдер да ушундай даярдалат.