КИНО ТАРТУУЧУ АППАРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНО́ ТАРТУУЧУ АППАРА́Т , к и н о к а м е­р а – кинотасмага тартылуучу объектилердин биркатарырааттуусүрөттөлүшүнтартуучуоп­тика-мех. жабдык. Ал 70 мм кинотасмага кең форматтуу кино; 35 мм кинотасмага жөнөкөй, кең экрандуу кино; 16 мм кинотасмага телекөр-


сөткүчтүк, окуу ж-а ил. кино; 8 мм (2x8 мм) кинотасмага окуу ж-а үйрөнчүк кино тартуучу болуп айырмаланат. К. т. а-тын негизги оптика­лык бөлүктөрүн: кинотасманын жарык сезгич катмарында сүрөттөлүштү тартуучу объектив, ж-а аны байкоочу кадрдын чектерин тандоочу визирдик система (визир-лупа) түзөт. К. т. а-та жарык нуру обтюратордун жардамы м-н визир­ге же кадрдык терезеге багытталып турат. Ви­зир-лупа аркылуу байкалган сүрөттөлүш кол­лективдүү линзадан алынат. К. т. а-тын мех. бөлүгүн тасма (плёнка) жылдыргыч механизм, кыймыл бергич ж-а обтюратор түзөт. Тасма жылдыргыч механизм кинотасманы берүүчү кассетадан кабыл алуучу кассетага өткөрөт. Керүүчү тиштүү барабан кинотасманы берүүчү кассетадан бир калыпта тартып жылдырып, кино каналына берет. Секирме механизмдин не­гизинде кинотасма кадрдык терезенин алдынан бөлүнүп өтөт ж-а кино каналына жетпей ил­мектерди пайда кылып, механизмдин тоскоол­суз иштешине шарт түзөт. Кинотасма кадр те­резечесине токтогондо обтюратор ачылып, ал ар­кылуу берилген жарык м-н объектинин сүрөтү тасмага түшүрүлөт. Кассетага берилген кино­тасма, тиштүү барабан аркылуу жайлаты­лып кабыл алгыч кассетага түрүлөт. К. т. а-тын кошумча жабдууларына: кең экрандуу кино тартуу үчүн анаморфоттук сап, жарык чыпкасы, жарык коргогуч бленда, маскалар (каше), тасма метражын көрсөткүч, тахометр­лер кирет. Арналышы б-ча К. т. а. кесиптик ж-а ышкыбоздор үчүн, конструкциясы б-ча көтөрүп жүрмө ж-а стационардык болуп бөлүнөт. 1990-жылдардан видеокамера сүрүп чыгара баштады.