КИНО ТААНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИ́НО ТААНУУ – кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын ж-а тарыхын, а. и. актёрдук чыг-лыкты, режиссураны, кинодрама­тургияны, киномузыканы, оператордук ж-а сү­рөтчүлүк өнөрдү ж. б. изилдейт. К. т. кино иск­восунун учурдагы абалына талдоо жүргүзүүчү кино сыны м-н түздөн түз байланыштуу. 1950- жылдардын ортосунан К. т-нун дүркүрөп өсүү доору башталып, анын теор. деңгээли жогорула­ды, дүйнөлүк кино тарыхы терең изилдөөнү талап кылды. Ошол максатта СССРде борб. ж-а респ. иск-во таануу ин-ттары уюшулган. Кырг-нда К. т. 1960-жылдардын аягында баш­талган. Анын туңгуч өкүлдөрү: К. Ашымов, С. Асанбеков, С. Бөкөнбаев, К. Матиев ж. б. К. Ашымовдун «Кыргызское кино» (1999) аттуу көлөмдүү эмгеги улуттук К. т-да көрүнүктүү орун ээлеген. Кыргыз К. т-сунда Г. Төлөмүшо­ва, В. Михайлов, А. Молдалиева сыяктуу кино таануучулардын жаңы мууну пайда болду.