КИНО ТААНУУ
КИ́НО ТААНУУ – кино тууралуу илим; кино искусствосунун теориясын жана тарыхын, анын ичинде актёрдук чыгармачылыкты, режиссураны, кино драматургияны, кино музыканы, оператордук жана сүрөтчүлүк өнөрдү жана башкаларды изилдейт. Кино таануу кино искусствосунун учурдагы абалына талдоо жүргүзүүчү кино сыны менен түздөн түз байланыштуу. 1950-жылдардын ортосунан кино таануунун дүркүрөп өсүү доору башталып, анын теориялык деңгээли жогорулады, дүйнөлүк кино тарыхы терең изилдөөнү талап кылды. Ошол максатта СССРде борбордук жана республикалык искусство таануу институттары уюшулган. Кыргызстанда кино таануу 1960-жылдардын аягында башталган. Анын туңгуч өкүлдөрү: К. Ашымов, С. Асанбеков, С. Бөкөнбаев, К. Матиев жана башкалар. К. Ашымовдун «Кыргызское кино» (1999) аттуу көлөмдүү эмгеги улуттук кино таанууда көрүнүктүү орун ээлеген. Кыргыз кино таануусунда Г. Төлөмүшова, В. Михайлов, А. Молдалиева сыяктуу кино таануучулардын жаңы мууну пайда болду.