КИМ Владимир Ильич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИМ Владимир Ильич (1. 9. 1934-ж. т., Влади­восток) – ветеринария илимд. доктору (1991), проф. (1998). Россиядагы Саратов ш-ндагы зоо­вет. ин-тту (1957), ошол эле жерде аспиранту­раны (1965) бүтүргөн. РСФСР Чита обл-нун Урей МТСинде ветврач, башкы ветврач , Казак ССРи­нин Целиноград (азыркы Семей) обл-нун Есил р-нунда вет. лабор-нын башчысы (1961–66).
Кыргыз ССРинин бруцеллёзго каршы экспеди­циясынын башчысы (1976–85), Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология ин-тунда лабор. башчысы (1967–76), 1985–2006-ж. Кыр­гыз ветеринария ИИИде бөлүм башчысы. 2006- жылдан РФте жашайт. Вет. микробиология, ви­русология, эпизоотология илимдери б-ча адис. 130дөн ашык ил. эмгектин, 2 монографиянын, 15 ойлоп табуу күбөлүгүнүн автору.


Эмг.: Инструкция о мероприятиях по профилактике и ликвидации бруцеллёза животных (в соавторстве). М., 1982; Наставление по диагностике бруцеллёза (в соавторстве). М., 1982.