КИМ Владимир Ильич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМ Владимир Ильич (1. 9. 1934-жылы туулган, Влади­восток) – ветеринария илимдеринин доктору (1991), профессор (1998). Россиядагы Саратов шаарындагы зоо­ветеринариялык институтту (1957), ошол эле жерде аспиранту­раны (1965) бүтүргөн. РСФСР Чита облусунун Урей МТСинде ветврач, башкы ветврач , Казак ССРи­нин Целиноград (азыркы Семей) облусунун Есил районунда ветеринариялык лабораториянын башчысы (1961–66), Кыргыз ССРинин бруцеллёзго каршы экспеди­циясынын башчысы (1976–85), Кыргыз ССР ИАнын биохимия ж-а физиология институтунда лаборатория башчысы (1967–76), 1985–2006-жылы Кыр­гыз ветеринария ИИИде бөлүм башчысы. 2006- жылдан РФте жашайт. Ветеринария, микробиология, ви­русология, эпизоотология илимдери боюнча адис. 130дөн ашык илимий эмгектин, 2 монографиянын, 15 ойлоп табуу күбөлүгүнүн автору.

Эмг.: Инструкция о мероприятиях по профилактике и ликвидации бруцеллёза животных (в соавторстве). М., 1982; Наставление по диагностике бруцеллёза (в соавторстве). М., 1982.