КИЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́ЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ , Б а й ы р к ы о р у с м а м л е к е т и – Чыгыш Европадагы байыркы феод. мамлекет (9–12-к.). К. о. м-нин түзүлүшүнө негизинен чыгыш славян уруулары ж-а Скандинавиядан Чыгыш Европага келген варягдардын таасири тийип, түштүгүнөн Тамань ж. а., батышынан Днестр ж-а Висла д., түндүгүнөн Двинанын жогорку агымы м-н чектешкен. 18-к-дын 2-чейрегинде Г. З. Байер, Г. Ф. Миллер ж. б. иштеп чыккан «норман теориясы» б-ча байыркы орус мамлекетинин түзүлүшүнө варягдар (норманндар) негизги роль ойногон. Ал эми Нестор жазган «Убактылуу жылдардын повести» б-ча варягдар алгачкы мезгилде славян (словен, кривич) ж-а финн (чуд, мер, вест) урууларынан салык гана чогултуп турган. Кийин бул уруулар көтөрүлүш чыгарып, салык төлөөдөн кутулган, бирок ички бытырандылыктын натыйжасында князь катары варяг Рюрик м-н анын жакын туугандарын чакырууга аргасыз болгон. Аскольд м-н Дир башында турган Рюриктин жарым кошууну түштүктү көздөй жылып, Киевге отурукташса, Рюрик Новгороддо калган. Түштүктөгү варягдар ылдамыраак, ал эми түндүктөгү скандинавия уруулары жайыраак ассимиляциялашууга дуушар болгон. Рюрик өлгөндөн кийин анын тууганы Олег 882-ж. Киевди алып, Новгороддун түндүгү м-н Киевдин түштүгүн бириктирген ж-а Эски Ладога, Гнёздова ж. б. жерлерди кошуп, борбору Киев ш. болгон Байыркы орус мамлекетин түзгөн. 988– 89-ж. К. о. м-нин улуу князы Владимир I Святославич христиан динин мамл. динге айландырган. Киев, Новгород, Ладога, Белоозёр, Ростов, Суздаль, Псков, Полоцк ж. б. ш-да кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, мал чарбачылык, соода, агартуу иштери өнүгүп, Ярослав Мудрыйдын (1019–54) тушунда К. о. м. өнүгүүнүн жо-

горку баскычына жеткен. Бул мезгилде дин кызматкерлери маанилүү орунду ээлеп, чиркөөнү Константинополдун патриархы дайындоочу митрополит башкарган ж-а коомдук мамилелер «Русская правда» ж. б. укуктук актылар м-н көзөмөлдөнүп турган. Түш. ж-а батыш славяндар, Византия, Батыш Европа, Кавказ, О. Азия элдери м-н байланыш түзүлгөн. 11-к-дын аягында кыпчактардын кол салуусунан ж-а орус княздарынын ич ара талаш-тартыштарынан мамлекет начарлаган. 12-к-дын башында К. о. м-нде феод. бытырандылык башталган. Мамлекеттин биримдүүлүгүн сактап калууга 1113–25-ж. башкарган князь Владимир II Мономах ж-а анын уулу Мстислав (1125–32) аракет кылган, бирок 12-к-дын 2-жарымында бытырандылык күчөп, Новгород ж-а Псков өз алдынча бөлүнүп, мамлекет кулаган.