КИДИБАЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИДИБАЕВ Мустафа Мусаевич (16. 7. 1950-ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – физик, физика-матема

тика илимд. доктору (1997). проф. (1997). КР УИАнын корр. мүчөсү (2006). Пржевальск мамл. педагогика ин-тунун физ.-
география ф-тин бүтүргөн (1972). КРдин Инж. академиясынын академиги (2001), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреа ты (2000), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2003). КР УИА ФИде кенже ил. кызматкер, жетектөөчү ил. кызматкер, лабор. башчысы (1974–93), КРдин Өкмөт аппаратында референт (1993), Аралды сактоо б-ча эл аралык фонддун аткаруучу дирекциясында кеңешчи (1995), ошол эле жерде директор (1997–98), К. Тыныстанов атн. Ысык- Көл мамл. ун-тинин ректору (1998–2004), КРдин Билим берүү министри (2004–05), 2006-жылдан КР УИА ФИде лабор. башчысы. Катуу заттардын физикасы б-ча адис. К-дин ил. изилдөөлөрүнүн негизги багыты – кристаллдын оптикалык ж-а ЭПР-спектроскопиясы, кристалл-физика, сызыктуу эмес оптика, катуу заттын радиациялык физикасы, оптикалык материалдар. 300гө жакын ил. эмгеги, а. и. 2 монография, 8 окуу китеби, 12 автордук күбөлүк ж-а 3 патенти бар.
Эмг.: Радиационно-оптические свойства функциональных материалов на основе активированных кристаллов фторидов лития и натрия. Б., 2009.