КЁНЖУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЁНЖУ , К ё н ч ж у – Корей Респ-нын түш.- чыгышындагы шаар. Кёнсан-Пукто провинциясында. Хёнсанган д-нын боюнда. Калкы 300 миң [2008; шаар агломерациясынын башкаруусуна кирген аймагы (аянты 1323, 8 км2), а. и. Япон деңизинин 33 км жээги Кампхо порту м-н]. Жол тоому. 7–10-к-дын ортосунда Силла мамлекетинин борбору болгон. Жыгач дубалдардын, Анабди ак сарайынын фундаменти (7-к., 16-к-да талкаланган) сакталган. Пульгукса храм комплекси (528-ж.), Дзуньдэн башкы храмы, анын короосунда Таботхап таш пагодасы (538, төрт бурчтуу чатырчасы м-н), Бондокса храмы (8-к.; Эмилле коло коңгуроосу сакталып турат, 771; бийикт. 3,78 м, диаметри 227 см), Чыгыш Азиядагы эң байыркы Чхомсондэ астр. мунарасы

(«Жылдыздар мунарасы», 632–647; формасы чоң
бөтөлкөдөй, бийикт 9 м) ж. б. бар. К-дагы тарыхый курулуштар, Соккурам храмы ж-а Пульгукса храм ансамбли Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ө. ж-нын башкы тармагы автомобилдердин тетиктерин комплекттөө. Машина куруу (а. и. электроника), хим., текстиль, тамак-аш ө. ж. иштейт. Жез, каолин ж-а флюорит казылып алынат. Шалы айдалып, козу карын өстүрүлөт. Эт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Деңиз жээгинде АЭС курулган. Ун-ттер, Сораболь коллежи (тех. ЖОЖ, 1981), улуттук музей ж-а парк бар.