КЁНЖУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЁНЖУ , К ё н ч ж у – Корей Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Кёнсан-Пукто провинция­сында. Хёнсанган дарыясынын боюнда. Калкы 300 миң [2008; шаар агломерациясынын башкаруусуна кирген аймагы (аянты 1323, 8 км2), анын ичинде Япон деңизинин 33 км жээги Кампхо порту менен]. Жол тоому. VII–X кылымдардын ортосунда Силла мамлекети­нин борбору болгон. Жыгач дубалдардын, Анаб­ди ак сарайынын фундаменти (VII кылымда, XVI кылымда тал­каланган) сакталган. Пульгукса храм комплекси (528-жыл), Дзуньдэн башкы храмы, анын короо­сунда Таботхап таш пагодасы (538, төрт бурч­туу чатырчасы менен), Бондокса храмы (VIII кылым; Эмил­ле коло коңгуроосу сакталып турат, 771; би­йиктиги 3,78 м, диаметри 227 см), Чыгыш Азия­дагы эң байыркы Чхомсондэ астрологиялык мунарасы

Соккурам үңкүр хра­мынын жанындагы коңгуроолуу му­нара.

(«Жылдыздар мунарасы», 632–647; формасы чоң бөтөлкөдөй, бийиктиги 9 м) жана башкалар бар. Кёнжудагы та­рыхый курулуштар, Соккурам храмы жана Пуль­гукса храм ансамбли Бүткүл дүйнөлүк мурас­тар тизмесине киргизилген. Өнөр жайынын башкы тармагы автомобилдердин тетиктерин комп­лекттөө. Машина куруу (анын ичинде электроника), химия, текстиль, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Жез, каолин жана флюорит казылып алынат. Шалы айдалып, козу карын өстүрүлөт. Эт багытында­гы мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык карма­лат. Деңиз жээгинде атомдук электр станциясы курулган. Университеттер, Сораболь коллежи (техникалык жогорку окуу жайлары, 1981), улуттук музей жана эс алуу жайы бар.