КЕТТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕТТЕР , к е т о, о с т я к т а р (өздөрүн к е т деп аташат, сөзмө-сөз мааниси адам; мурдагы аты – е н и с е й л и к о с т я к т а р, е н ис е й л и к т е р) – Россияда жашаган эл. Енисейдин төмөнкү ж-а ортоңку агымындагы аймакта (Краснояр крайында, Турухан ж-а Байкит р-нунда) майда топторго бөлүнүп жашашат.

Саны 1500 киши (2002). Кет тилинде, о. эле орус
тилинде сүйлөшөт. К. –
Енисей тайгасындагы байыркы уруулардын укумтукумдары. Алар бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүп, Түн. Енисейге отурукташып калган. 17-к-да Россиянын курамына кирген. К. балык кармап, аң уулап, мөмө жыйнашкан, бугу унаа катары колдонулган. Эркектер жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн ар кандай буюмдарды жасап, устачылык кылышкан. Аялдар сайма сайып, тери иштетип, кийим ж-а үй-тиричилигине керектүү буюмдарды жасашкан. К. каркасы шыргыйдан тургузулуп, үстү кайың кабыгы м-н жабылган, конус типтүү алачыкта ж-а жер төлөдө жашап, бугу ж-а коён терисинен тигилген кийим кийишкен.
Тамак-ашы – негизинен эт, балык азыктары.
Кышкысын балык майы ж-а ышталган эт, жайкысын жер-жемишти кеңири пайдаланышкан. Тамакты отко, нанды оттун коруна бышырган. Учурда К. териси баалуу айбанаттарга аңчылык кылып, бакчачылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет; интеллигенция түзүлгөн. 1995-ж. Туруханда К-дин этностук маданий борбору, 2004-жылдан Красноярскиде «Кеттер ассоциациясы» уюшулган.