КЕТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТТЕР , к е т о, о с т я к т а р (өздөрүн к е т деп аташат, сөзмө-сөз мааниси адам; мурда­гы аты – е н и с е й л и к о с т я к т а р, е н и ­с е й л и к т е р) – Россияда жашаган эл. Ени­сейдин төмөнкү ж-а ортоңку агымындагы ай­макта (Краснояр крайында, Турухан ж-а Бай­кит райондорунда) майда топторго бөлүнүп жашашат.

Саны 1500 киши (2002). Кет тилинде, о. эле орус тилинде сүйлөшөт. Кеттер – Енисей тайгасындагы ба­йыркы уруулардын укум-­тукумдары. Алар бир жер­ден экинчи жерге көчүп жүрүп, Түндүк Енисейге оту­рукташып калган. 17-кылымда Россиянын курамына кир­ген. Кеттер балык кармап, аң уулап, мөмө жыйнашкан, бугу унаа катары колдо­нулган. Эркектер жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн ар кандай буюмдарды жасап, устачылык кы­лышкан. Аялдар сайма сайып, тери иштетип, кийим ж-а үй-тиричилигине керектүү буюмдар­ды жасашкан. Кеттер каркасы шыргыйдан тургузу­луп, үстү кайың кабыгы м-н жабылган, конус типтүү алачыкта ж-а жер төлөдө жашап, бугу ж-а коён терисинен тигилген кийим кийишкен. Тамак-ашы – негизинен эт, балык азыктары.
Кышкысын балык майы ж-а ышталган эт, жай­кысын жер-жемишти кеңири пайдаланышкан. Тамакты отко, нанды оттун коруна бышырган. Учурда кеттер териси баалуу айбанаттарга аңчылык кылып, бакчачылык, балык уулоочулук м-н ке­сиптенишет; интеллигенция түзүлгөн. 1995-жылы Туруханда кеттердин этностук маданий борбору, 2004-жылдан Красноярскиде «Кеттер ассоциа­циясы» уюшулган.