КЕТОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕТО́З , а ц е т о н о м и я – кепшөөчү малдын организминдеги белок, углевод ж-а май заттарынын алмашуусунун бузулушунан болгон ылаң. Көбүнчө саан уй, кой төлдөгөнгө чейин ылаңга чалдыгат. Дарттын негизги себеби – тоютта углевод м-н протеиндин жетишсиздиги. Ал малдын сүттүүлүгүнөн, тукумчулдугунан ж-а малды сериндетпөөдөн болот деп божомолдолот. Ылаң мал тоютка көңүлү чаппай, ичегикарындын ж-а тоют сиңирүүчү бездердин иштеши бузулуп, кан, сийдик ж-а сүттө кетон заттары көбөйөт, сүтү тартылып, арыктайт. Ылаңды дарылабаса, мал өлүмгө учурайт. Дарылоодо венага глюкоза куюп, гормондук дары-дармектер берилет, тоютту көзөмөлдөө керек. Алдын алууда туура тоюттандыруу ж-а багуунун мааниси чоң.