КЕТОЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕТО́З, а ц е т о н о м и я – кепшөөчү малдын организминдеги белок, углевод ж-а май заттарынын алмашуусунун бузулушунан болгон ылаң. Көбүнчө саан уй, кой төлдөгөнгө чейин ылаңга чалдыгат. Дарттын негизги себеби – тоютта углевод м-н протеиндин жетишсиздиги. Ал малдын сүттүүлүгүнөн, тукумчулдугунан ж-а малды сериндетпөөдөн болот деп божомолдонот. Ылаң мал тоютка көңүлү чаппай, ичеги карындын ж-а тоют сиңирүүчү бездердин иштеши бузулуп, кан, сийдик ж-а сүттө кетон заттары көбөйөт, сүтү тартылып, арыктайт. Ылаңды дарылабаса, мал өлүмгө учурайт. Дарылоодо венага глюкоза куюп, гормондук дары-дармектер берилет, тоютту көзөмөлдөө керек. Алдын алууда туура тоюттандыруу ж-а багуунун мааниси чоң.