КЕСОН-СИТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕ́СОН-СИ́ТИ – Филиппиндеги шаар. Лусон а-нын борб. бөлүгүндө, Түш.-Кытай деңизинде­ги Манила бухтасынан чыгышта жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны ж-а ээле­ген аянты жагынан Чоң Манила конурбация­сынын (калкы 11,0 млн) курамына кирген шаар­лардын эң ириси. Шаар 1939-ж. негизделген. 1948–76-ж. өлкөнүн расмий борбору болгон.
Жеңил, тамак-аш, хим. ж-а металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Геология илимдери ж-а тоо иштери бюросу (1898), Вулканология ж-а сейсмология (1952), Ядро изилдөө ин-ттары (1958), Инновация ж-а технология региондук билим берүү борбору (1970), 25 ун-т кампуста-

Шаардын жалпы көрүнүшү. «Аранета Колизеум» спорт сарайы.

ры, сүрөт галереясы, музей комплекстери бар. Зоопарк ж-а жапайы табигый паркы уюшту­рулган. Өлкөнүн 1-президенти М. Л. Кесондун ысмынан аталган.