КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИМАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИ́МАТ – конти­ненттик климаттын суткалык ж-а айлык орт. темп-расынын, о. эле айрым метеорол. көрсөт­күчтөрдүн өтө өзгөрүлмөлүүлүгү м-н айырмалан­ган түрү. Айлык орт. темп-ра кээде 70°Сден ашып кетет. К. к. к-ка жаан-чачындын аз жаашы (көбүнчө 100 ммден аз), абанын нымдуулугунун төмөндүгү, бир аз булуттуулук, буулануунун көптүгү мүнөздүү. Адатта, К. к. к-туу аймак ма­териктин борб. бөлүгүндө (мис., Азиянын борб. бөлүгүндө), өзгөчө тоо аралык ойдуңдарда жай­гашат. Бул климатка мүнөздүү аймак – Чыгыш Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы Түн. жарым шардын суук уюлу, анда январдын орт. темп-расы –50°Сге, абс. мин. –70°Сге же­тет. Кырг-дын аймагында да К. к. к. мүнөздүү жерлер бар. Мис., Ак-Сай өрөөнү. Анда январ­дын орт. темп-расы –29°С, июлдуку 8°С, абс. мин. –53,6°С (Кырг-ндын «суук уюлу»). Жыл­дык жаан-чачыны 257 мм.