КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИ́МАТ – конти­ненттик климаттын суткалык ж-а айлык орточо температурасынын, ошондой эле айрым метеорологиялык көрсөт­күчтөрдүн өтө өзгөрүлмөлүүлүгү м-н айырмалан­ган түрү. Айлык орточо температура кээде 70°Сден ашып кетет. Кескин континенттүү климатка жаан-чачындын аз жаашы (көбүнчө 100 ммден аз), абанын нымдуулугунун төмөндүгү, бир аз булуттуулук, буулануунун көптүгү мүнөздүү. Адатта, кескин континенттүү климаттуу аймак ма­териктин борбордук бөлүгүндө (мисалы, Азиянын борбордук бөлүгүндө), өзгөчө тоо аралык ойдуңдарда жай­гашат. Бул климатка мүнөздүү аймак – Чыгыш Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда январдын орточо температурасы –50°Сге, абсолюттук минимум –70°Сге же­тет. Кыргызстандын аймагында да кескин континенттүү климат мүнөздүү жерлер бар. Мисалы, Ак-Сай өрөөнү. Анда январ­дын орточо температурасы –29°С, июлдуку 8°С, абсолюттук минимум –53,6°С (Кыргызстандын «суук уюлу»). Жыл­дык жаан-чачыны 257 мм.