КЕРОСИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРОСИ́Н (англ. сеrоsene) – нефтини буулан­тып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге че­йин кайнап бөлүнө турган углеводород аралаш­масы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук.
Тыгызд. 0,775–0,850 г/см3. Тутануу темп-расы анын фракциялык курамына жараша болот, б. а. К-дин курамында жогорку темп-рада кай­ноочу фракциясы канчалык көп болсо, ошон­чолук жогорку темп-рада тутанат. К-дин кура­мындагы углеводороддор К. өндүрүлгөн неф­тинин курамына ж-а аны өндүрүү технология­сына жараша болот. Авиацияда колдонулуучу К-де ароматтык углеводороддор 20–23%, чексиз углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү К. – нефтини ж-а анын аралашмасын буулантып айдоодон алын­ган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы.
Жарык берүү үчүн колдонулуучу К. метан угле­водороддоруна бай нефтини буулантуудан алы­нат. К. реактивдик, трактор моторлорун иш­тетүүчү, турмуш-тиричиликте жарык ж-а жы­луулук берүүчү суюк отун ж. б. катары кеңири колдонулат.