«КАРАГУЛ БОТОМ»: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КАРАГУЛ БОТОМ»</b> – кыргыз элинин лирика-­эпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «Экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Ка­рагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгар­манын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы | <b type='title'>«КАРАГУЛ БОТОМ»</b> – кыргыз элинин лирика-­эпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «Экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Ка­рагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгар­манын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин оор кайгысы баяндалат. [[«Карагул ботом|''«Карагул ботом''»]] окуясынан ба­йыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына ат­тырды деген) сезилип турат. «Карагул ботомдун» ыр (ко­шок) жана кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, анын ичинде [[Калык Акыев|<i>Калык</i> Акыев]] жана <i>Сарыкунан</i> (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук жана жо­горку көркөмдүккө ээ. Калык «Карагул ботомдун» маа­нисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу менен оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Са­рыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени менен чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча чечмелеген табылгалар арбын. «Карагул ботом» күүсүн комузчу А. <i>Эшмамбетов</i> мыкты аткарган. «Карагул ботом» дастаны [[А. Айталиев|А. <i>Айталиев</i>]]<i>дин</i>, О. <i>[[Кутманалиев|Кутмана­лиев]]дин</i> аткаруусунда кыргыз радиосунун ал­тын фондусунда сакталып турат. | ||
үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин | |||
оор кайгысы баяндалат. [[«Карагул ботом|''«Карагул ботом''»]] окуясынан ба­йыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына ат­тырды деген) сезилип турат. «Карагул ботомдун» ыр (ко­шок) жана кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, анын ичинде [[Калык Акыев|<i>Калык</i> Акыев]] жана <i>Сарыкунан</i> (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук жана жо­горку көркөмдүккө ээ. Калык «Карагул ботомдун» маа­нисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу менен оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Са­рыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени менен чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча | |||
чечмелеген табылгалар арбын. «Карагул ботом» күүсүн | |||
комузчу А. <i>Эшмамбетов</i> мыкты аткарган. | |||
«Карагул ботом» дастаны [[А. Айталиев|А. <i>Айталиев</i>]]<i>дин</i>, О. <i>[[Кутманалиев|Кутмана­лиев]]дин</i> аткаруусунда кыргыз радиосунун ал­тын фондусунда сакталып турат. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
03:17, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КАРАГУЛ БОТОМ» – кыргыз элинин лирика-эпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «Экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Карагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгарманын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин оор кайгысы баяндалат. «Карагул ботом» окуясынан байыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына аттырды деген) сезилип турат. «Карагул ботомдун» ыр (кошок) жана кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, анын ичинде Калык Акыев жана Сарыкунан (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук жана жогорку көркөмдүккө ээ. Калык «Карагул ботомдун» маанисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу менен оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Сарыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени менен чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча чечмелеген табылгалар арбын. «Карагул ботом» күүсүн комузчу А. Эшмамбетов мыкты аткарган. «Карагул ботом» дастаны А. Айталиевдин, О. Кутманалиевдин аткаруусунда кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып турат.