КЕРЕГЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРЕГЕ – боз үйдүн уук бекитилүүчү каптал жыгачтары.

Диаметри 2,5–3,5 см, уз. 230– 300 см, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Саканактарды эчки тал, сары талдын кабыгын аз аарчып, ичин көздөй бир ийип, теске салып, көлөкөгө кургатып жасайт, уук байланчу баш жагынан 15–20 см жери сыртын көздөй ийип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 см аралыкта бири-бири м-н кайчылаштырылып көзөлүп, ага өткөрүлгөн көктүн эки жагы түйүлүп бекитилет. К-нин көктөлүп бириккен жери темгек деп аталат. Ишти тездетүү, көктү, убакытты үнөмдөө максатында көпчүлүк К-лерде ар бир 3 же 4 катар темгектерден кийинки катары темгектелбей (көзөлбөй, көктөлбөй, бош) «азат» калтырылат. К. жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон төрт жагы бирдей көзчөлөрдүн чоңураагы ж е л к ө з, кичирээги т о р к ө з деп аталат. Саканактардын баш (жоон) жагынын 70–80 см жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12 издүү сай салынат. К-нин ар бир канаты узуну б-ча 18–20 көздүү, бийикт. (туурасы) б-ча 6–10 көздүү болгон. К. канаттарынын четки кыска саканактары жетим же сыңар саканак делет. Жыйылган К-нин бийикт. 2 мдей, эни 75 смдей болот. Жазганда бийикт. төмөндөп, эни 2– 2,5 мге жетет. К-нин уук байланчу жогорку ачакейлери К. баш, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү К-нин аягы деп аталат. К. канаттарын бириктиргенде, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо м-н орой чалып байланат. Боз үйдүн чоңдугу К. канаттарынын санына жараша: эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат деп өлчөнөт. К. жошо, сыр, боёк, темир даты м-н боёлгон. Учурда боз үйдүн башка жыгачтары сыяктуу К. да өндүрүштө даярдалат.