КЕРЕГЕ
КЕРЕГЕ – боз үйдүн уук бекитилүүчү каптал жыгачтары.

Диаметри 2,5–3,5 см, узундугу 230–300 см, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Саканактарды эчки тал, сары талдын кабыгын аз аарчып, ичин көздөй бир ийип, теске салып, көлөкөгө кургатып жасайт, уук байланчу баш жагынан 15–20 см жери сыртын көздөй ийип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 см аралыкта бири-бири менен кайчылаштырылып көзөлүп, ага өткөрүлгөн көктүн эки жагы түйүлүп бекитилет. Керегенин көктөлүп бириккен жери темгек деп аталат. Ишти тездетүү, көктү, убакытты үнөмдөө максатында көпчүлүк керегелерде ар бир 3 же 4 катар темгектерден кийинки катары темгектелбей (көзөлбөй, көктөлбөй, бош) «азат» калтырылат. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон төрт жагы бирдей көзчөлөрдүн чоңураагы ж е л к ө з, кичирээги т о р к ө з деп аталат. Саканактардын баш (жоон) жагынын 70–80 см жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18–20 көздүү, бийиктиги (туурасы) боюнча 6–10 көздүү болгон. Кереге канаттарынын четки кыска саканактары жетим же сыңар саканак делет. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 смдей болот. Жазганда бийиктиги төмөндөп, эни 2–2,5 мге жетет. Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери кереге баш, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү керегенин аягы деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргенде, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо менен орой чалып байланат. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына жараша: эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат деп өлчөнөт. Кереге жошо, сыр, боёк, темир даты менен боёлгон. Учурда боз үйдүн башка жыгачтары сыяктуу кереге да өндүрүштө даярдалат.