КЕРГЕЛЕН-ГАУССБЕРГ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРГЕЛЕ́Н-ГА́УССБЕРГ , К е р г е л е н – Инди океандын түштүгүндөгү суу астындагы кырка тоо. Антарктидага жакын, Африка-Антарктида ж-а Австралия-Антарктида чуңкурдуктарынын аралыгында 2600 кмге созулуп жатат. Жазылыгы 950 кмге чейин. Океандын бетинен кырка тоонун кырына чейинки басымдуулук
кылган тереңдиги 1000–2000 м. Кырка тоонун
чокулары суудан чыгып, аралдарды пайда кылат; алардын эң ирилери – Кергелен, Херд.
К.-Г. океан түбүнөн келки көтөрүлүп, айрым жерлерине жанартоо формалары мүнөздүү. Негизинен базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоодогу жанартоо палеогенден баштап аракетте. Кырка тоону 1929–31-ж. Д. Моусон баштаган Австралия экспедициясы ачкан.