КЕҢ-АРАЛ ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢ-АРАЛ ЧОПО КЕНИ Талас обл-нун Бакай- Ата р-нунда, Кең-Арал кыш-нан 1 км түш. та­рапта, Талас суусунун жээгинде, деңиз деңг. 990 м бийикте. 1976-ж. табылган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөк­мө тектер түзөт. Пайдалуу катмар бозомтук түс­төгү кумайлуу чоподон турат. Калыңдыгы 1,5– 14 м. Жалпы аянты 6 гага жакын. Грануломет­риялык курамы: 5 мм – 0,72–1,3%, 5–1 мм – 0,5–1,02%, 1–0,5 мм – 0,53–1,41%, 0,5–0,25 мм – 1,79–1,59%, 0,25–0,01 мм – 53,43–48,84%, 0,01– 0,005 мм – 11,79–11,8%, 0,005 ммден майдасы 29,09–34,12%. Ийилгичтиги 5,4–5,55%, суу си­ңиримдүүлүгү 19,2–22,3%. Кумайлуу чопо «75», «100» маркасындагы кыш даярдоого жарайт. Запасы В+С категориясы б-ча 378 миң м3.