КЕҢ-АРАЛ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-АРАЛ ЧОПО КЕНИ Талас облусунун Бакай- Ата районунда, Кең-Арал кыштагынан 1 км түштүк та­рапта, Талас суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 990 м бийикте. 1976-жылы табылган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөк­мө тектер түзөт. Пайдалуу катмар бозомтук түс­төгү кумайлуу чоподон турат. Калыңдыгы 1,5–14 м. Жалпы аянты 6 гага жакын. Грануломет­риялык курамы: 5 мм – 0,72–1,3%, 5–1 мм – 0,5–1,02%, 1–0,5 мм – 0,53–1,41%, 0,5–0,25 мм –1,79–1,59%, 0,25–0,01 мм – 53,43–48,84%, 0,01–0,005 мм – 11,79–11,8%, 0,005 ммден майдасы 29,09–34,12%. Ийилгичтиги 5,4–5,55%, суу си­ңиримдүүлүгү 19,2–22,3%. Кумайлуу чопо «75», «100» маркасындагы кыш даярдоого жарайт. Запасы В+С категориясы боюнча 378 миң м3.