КЕН ЫЛГОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕН ЫЛГОО – майда талкаланган тектердин арасынан керектүү металлдарды бөлүп алуу про­цесси. Металлургиялык же хим. жактан кайра иштетүүгө мүмкүн болгон, экон. пайдалуу зат-


тарды тоо тектерден ажыратуу ыкмасы. Мында минералдардын хим. курамын, структурасын, агрегаттык абалын өзгөртпөй, керектүү заттар бөлүнүп алынат. Процесс гидрометаллургиялык, хим. жол м-н кайра иштетүү аркылуу ишке ашат. Табигый кенден же көмүрдөн керектүү ком­поненттерди бөлүп алуу экон. жактан пайда бер­бейт. Техниканын да күчү жетпейт. К. ы. про­цессинде концентрат ж-а куйрук өндүрүлөт. Кээде конце нтраттар куйруктардан минералдык бөлүкчөлөрүнүн кесектиги, ирилиги м-н айыр­маланат (мис., асбест, антрацит). Эгерде бир нече пайдалуу компонент болуп калса, анда бир канча концентрат алууга болот. Мис., полиметалл кен­ташынан коргошун, цинк, жез, күкүрт концен­траты ылганат. О. эле концентраттын түрдүү сорттору же комплекстүү концентрат өндүрүлөт, мис., жез-алтын же никель-кобальт концент­раттары. К. ы. пайдалуу компонентти ылгоо системасын түзүү м-н ишке ашат. Адегенде кен­таш майда талкаланат. Материал 20–30 ммге чейин тегирменге тартылат. Керектүүлөрүн бөлүп алуу үчүн калбырлар колдонулат. Талкаланган бөлүкчөлөрү үчүн атайын классификатор пай­даланылат. Кенди минералдардын физ.-хим. касиеттерине карай ылгайт. Кесек бөлүкчөлөр­дүн өңү-түсүн, жылтырактыгын аппарат анык­тайт. Радиоактивдүүлүгү радиометрлик жол м-н такталат. Оордук күчү, тыгыздыгы, салма­гы гравитациялык ыкма м-н билинет. Магнит­түүлүгүн магнит сеперациясы, электрдик касиет­терин электр сеперациясы аркылуу билүүгө бо­лот. Азыркы кезде гравитация ж-а флотация ыкмалары кеңири колдонулууда.