КЕНТЕРБЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕ́НТЕРБЕРИ – Улуу Британиянын түш.-чыгышындагы шаар. Кент графтыгынын аймагында. Англикан чиркөөсүнүн башчысынын резиденциясы. Калкы 49,4 миң (2008). Римдиктер тарабынан 1-к-дын 2-жарымында чеп катары негизделген. Ыйык Августин аббатчылыгы (6– 11-к.; өлкөдөгү эң байыркы), Ыйык Мартин чиркөөсү (12-к.; Рим курулуштарынын калдыктарын камтыйт), кафедралуу эң зор епископ собору (1075–77, шаардын үстүнөн көтөрүлүп чыгып турат; уз. 160 м) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Бул собордо архиепископ Т. Бекет ж-а принц Эдуард (Кара принц) ж. б-дын сөөгү коюлган. О. кылымда К. китеп миниатюрасынын борборлорунун бири болгон. Кент ун-ти (1965), Королдук музей (1858; сүрөт галереясы), К. Марло театры бар. Булгаары, тамак-аш, электр-тех. ж-а полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.