КЕН САПАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕН САПАТЫ – кендин геол., тоо-кен-технол., ө. ж-лык өзгөчөлүктөрү, комплекстүү баалуулу­гу, эл чарбасында үнөмдүү пайдалануу натый­жасы. Сапат геол. чалгындоо ишиндеги жетиш­кендиктерге байланыштуу. Кендин запасын эсептөөдө анын геол. өзгөчөлүктөрү эске алы­нат. Кондициянын негизинде запасы эсептелет.
Ө. ж-дын жылдык өндүрүмдүүлүгү, товардык продукциянын толук өндүрүлүп алынышы, пай­далануусy, кирешелүүлүгү, кирешеси, капитал­дык чыгымдар, капиталдык салымдардын жал­пы суммасы ж-а чыгымдарды кайтарып алуу мөөнөтү, салыктын кирешелүүлүгү каралат. К. с. геол. чалгындоо иштеринин бардык этаптарын­да аныкталат. Издөө-баалоо маалында кендин запасы, сапаты, капиталдык салымдар болжол м-н эсептелет. Андан кийин болжолдуу чалгын­доо иштери жүргүзүлгөн. Запас эсептөө конди­циясы иштелип чыгат. Тех.-экон. баяндама (ТЭД) даярдалат. Анан так, толук чалгындоо жүргүзүлүп, кондициясы иштелип чыгат, запа­сы бекитилет, кен казып алуу долбоору түзүлөт.