КЕН САПАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН САПАТЫ – кендин геологиялык, тоо-кен-технологиялык, өнөр жайлык өзгөчөлүктөрү, комплекстүү баалуулу­гу, эл чарбасында үнөмдүү пайдалануу натый­жасы. Сапат геологиялык чалгындоо ишиндеги жетиш­кендиктерге байланыштуу. Кендин запасын эсептөөдө анын геологиялык өзгөчөлүктөрү эске алы­нат. Кондициянын негизинде запасы эсептелет. Өнөр жайдын жылдык өндүрүмдүүлүгү, товардык продукциянын толук өндүрүлүп алынышы, пай­далануусy, кирешелүүлүгү, кирешеси, капитал­дык чыгымдар, капиталдык салымдардын жал­пы суммасы ж-а чыгымдарды кайтарып алуу мөөнөтү, салыктын кирешелүүлүгү каралат. Кен сапаты геологиялык чалгындоо иштеринин бардык этаптарын­да аныкталат. Издөө-баалоо маалында кендин запасы, сапаты, капиталдык салымдар болжол м-н эсептелет. Андан кийин болжолдуу чалгын­доо иштери жүргүзүлгөн. Запас эсептөө конди­циясы иштелип чыгат. Техникалык-экономикалык баяндама (ТЭД) даярдалат. Анан так, толук чалгындоо жүргүзүлүп, кондициясы иштелип чыгат, запа­сы бекитилет, кен казып алуу долбоору түзүлөт.