КЕНЕСАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕНЕСАРЫ Касымов (1802, Казакстан, Көкчө- Тоо аймагы – 1847, Кырг-н, Токмокко жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер) – Казак хандыгынын Орто жүзүнөн чыккан акыр­кы ханы (1841–47), Абылай хандын небереси.
Касымдын улуу аялынан К., Бопуй ж. б., кичүү аялынан Ноорузбайлар туулган. Абылай хан­дын баласы Вали хандын тушунда (1781–1821) Орто жүзгө Россиянын таасири күчөп, 1822-ж. орус падышасынын «Сибирь казактары туура­луу» буйругу м-н Орто жүз хандыгы жоюлган. Кокон хандыгы 1836-ж. К-нын агасы Саржан­ды, 1840-ж. атасы Касым төрөнү өлтүрүп, Ка­закстандын түштүгүн карата баштаган. К. Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү ж-а өзүнүн жеке бийли­гин орнотууну эңсеген. Ал Казакстанда Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөм­дүгүнүн орношуна тоскоол болууну, о. эле Ко­кон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүү­гө аракеттенген. К. Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу Николай Iге, Оренбург генерал-губернатор­лору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жа­зып кайрылган. Бирок Россия империясы ка­зактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-ж. Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-ж. К. Кокон хандыгынын ка­рамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Ме­чит чептерин кайра алган. 1843-жылдары орус аскери К-га каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган


К. Борб. Казакстанды калтырып, Жети-Сууга конуш которот. К-нын 10 жылга созулган кый­мылы (1837–47) басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулук, кан төгүү м-н коштолгон (к. Кенесары хандын чапкыны). Ал Улуу жүз каза­гын ж-а кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгы­на каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кый­ла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кый­мылдан алыстоого түрткөн. 1846-ж. К. кыргыз­дарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Кар­каралы, Көкбекти округдарынын айрым султан­дары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары м-н бийлеринин көбү Россия тарап­ка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн К. 1847-ж. кыргыздарга 2- жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан сал­гылашууда К-нын колу Токмок ш-на жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Ал­малуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары К-нын башын ке­сип алган. Падыша өкмөтү анын башын Санкт- Петербург музейине көргөзмө кылып коюш­кан.


Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.). Ф., 1945; Бекмаханов Е. Казакстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., ¹ 4, 2006.

Э. Турганбаев.