КЕНЕП: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНЕП (Hibiscus cannabinus L.) – өсүмдүктөрдүн
гүлкайырлар тукумундагы бир жылдык чөп.
Өзөк тамырлуу, жерге 1,5–2 м кирип, тарамдалып өсөт; сабагы (бийикт. 5–6 мдей) түз, бутактанат. Жалбырагы ири тарамдуу, жалбырак сабы узун. Гүлү чоң; ак, күрөң түстүү, мөмөсү
беш уялуу, түктүү кутуча (ар кутучада 15–20 урук
болот); 1000 уругунун салм. 20–28 г. К. күнөс,
нымдуу, кара топурактуу жерде жакшы өсөт.
г
ККытай, Индия, АКШда
эгилет. Вегетация мезили 125–145 күн. К-тин кургак сабагында 16–21% була бар, андан таар
, брезент, аркан, жип ж. б. жасалат. Уругунда 18–20% май (булгаары, самын, боёк жасоодо пайдаланылат) болот. Бакалынан кагаз ж-а курулуш тактасы даярдалат. Күнжарасы тоют, жер семирткич катары пайдаланылат. Илдеттери – боз чирик ж. б.;
зыянкечтери: үкүчөлөр, кызылча канталасы ж. б.