КЕНЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЕП (Hibiscus cannabinus L.) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы бир жылдык чөп.
Өзөк тамырлуу, жерге 1,5–2 м кирип, тарамда­лып өсөт; сабагы (бийиктиги 5–6 мдей) түз, бутак­танат. Жалбырагы ири тарамдуу, жалбырак сабы узун. Гүлү чоң; ак, күрөң түстүү, мөмөсү беш уялуу, түктүү кутуча (ар кутучада 15–20 урук болот); 1000 уругунун салмагы 20–28 г. Кенеп күнөс,нымдуу, кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Кытай, Индия, АКШда эгилет. Вегетация мезили 125–145 күн. Кенептин кургак сабагында 16–21% була бар, андан таар, брезент, аркан, жип ж. б. жасалат. Уругунда 18–20% май (булгаа­ры, самын, боёк жасоодо пайдаланылат) болот. Бакалынан кагаз ж-а курулуш тактасы даяр­далат. Күнжарасы тоют, жер семирткич ката­ры пайдаланылат. Илдеттери – боз чирик ж. б.;зыянкечтери: үкүчөлөр, кызылча канталасы ж. б.