КЕМИРЧЕК ТИКЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМИРЧЕК ТИКЕН (Circiuv, Sievers) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Көп жылдык чөп, чачы тамырлуу, сабагы ж-а тамыр сабагы кыска, кээде бийикт. 30–40 см. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары жерге төшөлүп өсөт, уз. 5–20 см, туурасы 1–7 см, четтери канаттай оюктуу, тикенчелүү. Гүлү ак, кээде кочкул кызыл. Себетинин орооч жалбыракчасынын учу тикендүү, четтери кирпикчелүү. Уругу жылмакай,
бозомтук же күрөң. Түн. Моңголия, Кытай, Сибирь, Борб. Азияда кездешет. Кырг-ндын бардык аймактарында өрөөндөн тоонун альп алкагына чейин кеңири таралган. Көл, өзөн боюндагы шалбаа, саздак жерде өсөт. Тамыр сабагы желет. Жаш жалбырагын мал оттойт.