КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй обл-нун Ке­мин р-нунда, Кемин шаарчасынан 12 км чыгыш­та, Чүй д-нын боюнда, деңиз деңг. 1130–1350 м бийикте. 1971-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедиция­сы чалгындаган. Кен аймагын антропогендеги аллювий чөгүндүсү түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары Чүй д-нын кашаттагы тектиринде жа­тат. Кен бири-биринен 1 км аралыктагы үч участ­кадан турат. Биринчи участканын уз. 660 м, жа­зылыгы 100 м; экинчисинин уз. 620 м, жазы­лыгы 200 м; үчүнчүсүнүн уз. 520 м, жазылы­гы 100 м. Катмардын калыңдыгы 5,6 мден 14,55 мге чейин. Шагылдын 20 ммден кесеги 67,56%, майдалап, бетонго пайдаланса болот. Кумда чаң 7,5%ке чейин, аны жууп, чаңдан арылткандан кийин гана бетонго пайдаланууга сунуш кылынат. Запасы: А+В категориясы б-ча 2732 миң м3, А – 813 миң м3, В – 1919 миң м3.

1