КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
КЕМИН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 12 км чыгышта, Чүй дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1130–1350 м бийикте. 1971-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендеги аллювий чөгүндүсү түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары Чүй дарыясынын кашаттагы тектиринде жатат. Кен бири-биринен 1 км аралыктагы үч участкадан турат. Биринчи участканын узундугу 660 м, жазылыгы 100 м; экинчисинин узундугу 620 м, жазылыгы 200 м; үчүнчүсүнүн узундугу 520 м, жазылыгы 100 м. Катмардын калыңдыгы 5,6 мден 14,55 мге чейин. Шагылдын 20 ммден кесеги 67,56%, майдалап, бетонго пайдаланса болот. Кумда чаң 7,5%ке чейин, аны жууп, чаңдан арылткандан кийин гана бетонго пайдаланууга сунуш кылынат. Запасы: А+В категориясы боюнча 2732 миң м3, А – 813 миң м3, В – 1919 миң м3.