КЕЛДЫШ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕ́ЛДЫШ Мстислав Всеволодович (28. 1 (10. 2). 1911, Рига – 24. 6. 1978, Москва) –

орус математиги ж-а механиги, СССР ИАнын академиги
(1946; корр. мүчө, 1943),
СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү (1953), вице-президенти (1960–1961), президенти (1961–75). Москва унтин бүтүргөн (1931). Н. Е. Жуковский атн. Борб. аэрогидродинамика ин-тунда (1931–
46), Москва ун-тинде (проф. 1937), СССР ИАнын В. А. Стеклов атн. Математика ин-тунда (1936-жылдан), Реактивдик ИИИде начальник, ил. жетекчи (1946–61), 1953-жылдан СССР
ИАнын Колдонмо математика ин-тунда директор болуп (өмүрүнүн акырына чейин) иштеген. К. математика (комплекстүү өзгөрүлмөлүү функция, функциялык анализ теориялары ж. б.), аэрогидродинамика, термелүү теориясы б-ча фундаменталдуу эмгектерди жараткан. Авиациянын, атомдук, эсептөө техникасынын ж-а машиналык математиканын чечилбеген маселелерин изилдөөгө салым кошкон. Адамды космоско учуруу, космос программасын жетектеген. Үч жолку Соц. Эмг. Баатыры (1956, 1961, 1971). СССР
мамл. сыйл. (1941, 1946). Лениндик сыйл. (1957)
лауреаты. Жети Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар, чет элдик 4 орден м-н сыйланган. Сөөгү Кызыл аянтта Кремль дубалына коюлган.
Ад.: Келдыш М. В. Творческий портрет по воспоминаниям современников. М., 2002.