КЕКИЛИК-УЧАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕКИЛИК-УЧАР – Базар-Коргон р-нундагы суу, Кара-Үңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы булактардан башталат. Уз. 39 км (Шаркыратманы кошкондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 1200 м. Жогорку агымында Шаркыратма деп аталат. Жапыз тоо ж-а адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде кээде соолуп да калат. Жылдык орт. чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан, Тентек-Сайга (Кара-Үңкүргө) жетпейт. Жээгинде Кара-Жыгач кыш. жайгашкан.