КЕГЕТИ (Чүй районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕГЕТИ – Чүй р-нундагы кыштак. Кегети айыл округуна караштуу. Кегети суусунун боюнда, деңиз деңг. 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Токмок ш-нан 22 км түш.-батыш тарапта. Кыштак 1816-ж. негизделген. Калкы 1136 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, дарыкана бар. Үйбүлөлүк врачтар тобу, айылдык ден соолук к-ти, соода түйүндөрү иштейт. К-де жазуучу Н. Байтемиров, академик А. Какеев туулган.