КВЕБЕК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВЕБЕ́К – Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар.
Квебек провинциясынын адм. борбору. Ыйык Лаврентий д-нын чатында жайгашкан порт (2006-ж. 23 млн т жүк ташылган). Калкы 668,5 миң (2008; шаар айланасы м-н 695,8 миң); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-ж. француз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар
экенин байкаган. 1663–1759-ж. Франция ээлигинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун резиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай аталыштагы провинциянын адм. борбору. Арх-ра
эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё
(1644; Түн. Америкадагы алгачкы оорукана), семинария (1663; учурда музей), классицизм стилиндеги базилика – Жаңы Франциянын башкы католик собору (1647), Ыйык Троица англикан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17–
18-к.) ж. б. Эстеликтер тургузулган. Жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Лаваль унти, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино ж-а театр фестивалдары, карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жылына 6 млн турист келет).