КВАРЦ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАРЦ – тоо тек пайда кылуучу эң кеңири таралган минерал.

Хим. формуласы SiO2. Гексагон ж-а тригон системасында кристаллданат.
Өңү-түсү ар түрдүү. Көбүнчө түссүз, тунук, ак,
сүттөй ак, боз, бозомук каралжын, кызгылтым ж. б. Түссүз тунук түрү – тоо хрустал ы, к ызгыл т ым көгүшү – аметист,
тунук эмес бозомтугу – раухтопаз,
каралжын түстүүсү – морион, алтын сыяктанган саргычы цитрин деп аталат. Курамында киринди түрдө актинолит же хлорит кездешсе, жашыл түскө өтүп
кетет. Аны празем, слюда же гематит болсо –
авантюрин, кристаллсыз түзүлүштөгү түрлөрү –
агат же халцедон деп аталат. Бардыгы айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 7. С. салм. 2,65. Гидротерм процессинде кенташ тарамдарын пайда кылат. Радиотехника, акустика, оптикада, карапа м-н айнек жасоодо, кооз таш катары зергерликте, курулушта колдонулат.