КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАНТТЫК КРИСТАЛЛДАР – заттар термод. туруксуздуктан туруктуу абалга өткөндө пайда болгон, атомдордун нөлдүк термелүүсүндөгү чоң амплитуда м-н мүнөздөлүүчү кристаллдар . Крис­таллдашууда эркин энергия жылуулук түрүндө бөлүнүп чыгат. Кристаллдардын өсүшү темп-рага ж-а атомдордун байланыш энергиясына көз каранды. Кристалл торчосунун мезгили жөнөкөй кошулмада 10–20А, татаал орг. ж-а орг. эмес кошулмада 100А. Кристалл торчосунун өлчөмүн, атомдордун жайгашышы, түзүлүшү, симметрия­сы рентгенография, электронография ж-а ней­тронография ыкмасы м-н аныкталат. Ал атом­дорунун ортосундагы эң кыска аралык м-н са­лыштырылгандыктан, кванттык теориянын че­гинде гана түшүндүрүлүүчү өзгөчө физ. касиет­терге ээ. Жердеги белгилүү заттардан 3х104 Па­дан жогорку басымдагы гелийдин изотоптору 3Не ж-а 4Не гана К. к-н түзөт. Нейтрондук жыл­дыздардын түпкүрүндө нейтрондордон турган К. к. кванттык суюктук м-н кадимки кристалл­дардын арасындагы аралыктык абалды ээлейт.