КВАНТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВА́НТОР (лат. quantum – канча) – матем. ло­гиканын предикаттарын эсептөөгө колдонул­ган логикалык операторлордун жалпы аты. Ло­гикалык оператор сүйлөмдүн ички логикалык курамын, жаңы субъекти м-н предикаттын өз ара катышын ж-а логикалык ойдун сандык мү­нөздөмөсүн билдирет. К-дун эки түрү бар: ж а л п ы л ы к К-у («бардык», «ар бири» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белги­си «'llх ) ж-а б а р б о л у у К-у («кээ бир», «болот» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси –х). Мис., «'llх жалпылык К-у «бардык х үчүн» дегенди, ал эми –х бар болуу К-у «кээ бир х үчүн» дегенди билдирет. «К.» терминин амер. математик, философ Ч. Пирс киргизген (1885).


Ад.: Мендельсон Э. Введение в математическую ло­гику. М., 1984.