КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНТИТАТИВДИК ЛИНГВИСТИКА (лат. guantitas – сан) – тил илиминин тилдик бирдиктердин сандык көрсөткүчтөрүн иликтеген тармагы. Тилди изилдөө үчүн К. л-нын саноо ж-а өлчөө методдору колдонулат. Этимологиялык сөздүктөрдүн тутумун, санын сөз жасоо процессин, полимиялык типтердин санын аныктоодо (лексикол. аспект), байыркы тилдик белгилердин, граммат. категориялардын колдонулуш жыштыгын билүүдө (салыштырма-тарыхый аспект), текстти атрибуциялоодо, б. а., аноним же псевдоним тексттердин авторун аныктоодо (текстол. аспект), о. эле текстте колдонулган тилдик бирдиктердин сандык табиятын мүнөздөөдө, алардын колдонулуш жыштыгын, түрдүү жанрдагы, стилдеги тексттерде тил бирдиктеринин таралуу, пайдалануу өзгөчөлүгүн тактоодо К. л-нын тыянактары чоң мааниге ээ.