КВАЗАРЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАЗАРЛАР (англ. quasar, quasistellar radiosource – радионурлануунун квазижылдыздык булагы дегенден) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ ж-а Күн системасынан бир нече миңдеген Мпк алыс жайгашкан космостук же квазижылдыздык объектилер. Оптикалык түрү жагынан жылдызга, ал эми спектрлеринин мүнөзү б-ча газ тумандуулугуна окшош. К. өтө кубаттуу галлактикаларга караганда ондогон эсе көп энергия чыгарат. Дагы бир теорияга ылайык К. – ургаалдуу нурланууга ээ болгон зор кара тешиктен турган галлактиканын борб. бөлүгү. Айрым К-да жаркырактык байкалат ж-а тез өзгөрүп турат. К-дын табияты толугу м-н изилдене элек.