КАШКАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАШКАР , К а ш и – Кытайдагы шаар. Синьц­зян-Уйгур автономия р-нун аймагында жай­гашкан. Калкы 570,0 миң (2003). Полиметалл кендери казып алынуучу аймактын борбору. Ид Ках мечити (8-к., аянты б-ча Кытайдагы эң ири), Абахо кожонун ж-а анын небереси Ипар­хандын мавзолейи (17-к.), Мао Цзедундун зор статуясы бар. Шаарга 1273-ж. Марко Поло ток­топ өтүп, несториан чиркөөлөрү бар экенин бел­гилеген. К-да 1918-ж. чейин Россия империя­сынын почта бөлүмү болгон. Кырг-н м-н Тору­гарт ж-а Эркеч-Там ашуулары аркылуу байла­нышат. 2007-жылдан Бишкектеги батыш авто­бус терминалы м-н катташат. Цемент, хим., ма­шина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жыл сайын күндөлүк керек­телүүчү товарлардын ярмаркалары өткөрүлөт (Кырг-н да катышат).