КАОЛИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАОЛИ́Н</b> (Кытайдагы фарфор чопосу орун ал­ган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен као­линит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө май­да талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жы­луу, субтропиктик шартта талаа шпатынын | <b type='title'>КАОЛИ́Н</b> (Кытайдагы фарфор чопосу орун ал­ган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен као­линит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө май­да талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жы­луу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол м-н эзилип эришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габ­бро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сы­яктуу тектер катышат. Каолин жер бетинде көп та­раган тектердин катарына кирет. Улуу Брита­нияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жор­жия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Крас­нояр крайы), Казакстанда жолугат. Кыргызстандын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, химия, резина өнөр жайында, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфю­мерияда колдонулат. | ||
Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жор­жия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Крас­нояр крайы), Казакстанда жолугат. | |||
Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974. | Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
03:55, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАОЛИ́Н (Кытайдагы фарфор чопосу орун алган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен каолинит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө майда талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жылуу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол м-н эзилип эришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габбро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сыяктуу тектер катышат. Каолин жер бетинде көп тараган тектердин катарына кирет. Улуу Британияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жоржия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Краснояр крайы), Казакстанда жолугат. Кыргызстандын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, химия, резина өнөр жайында, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфюмерияда колдонулат.
Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974.