ДАМАСК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАМА́СК''' ( | '''ДАМА́СК''' (арабча Д и м и ш к) – Сирия Араб Респ­убликасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун эте­гинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,5 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн не­гизги соода-өнөр жай, финансы жана маданий борбо­ру. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск жана Араб акаде­миясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк ки­тепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (ал­тын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач еги­пет фараондорунун 18-династиясынын документ­теринде жана байыркы осуят китебинде маданий жана кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып | ||
[[File:ДАМАСК16.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:ДАМАСК16.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөр­чүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып кел­ген. | алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөр­чүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып кел­ген. Биздин заманга чейин 11-кылымдын аягынан биздин заманга чейин 732-жыл­га чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омей­яддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон импе­риясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Си­риядагы Франциянын мандат менен башкарылуу­чу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Си­риянын борбору. Байыркы жана орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тары­хый жана маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка жана Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колоннасы, Омейяддар, Такия Сулаймания жана Дер­вишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
04:45, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДАМА́СК (арабча Д и м и ш к) – Сирия Араб Республикасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун этегинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,5 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги соода-өнөр жай, финансы жана маданий борбору. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск жана Араб академиясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк китепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач египет фараондорунун 18-династиясынын документтеринде жана байыркы осуят китебинде маданий жана кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөрчүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып келген. Биздин заманга чейин 11-кылымдын аягынан биздин заманга чейин 732-жылга чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омейяддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон империясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Сириядагы Франциянын мандат менен башкарылуучу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Сириянын борбору. Байыркы жана орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тарыхый жана маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка жана Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колоннасы, Омейяддар, Такия Сулаймания жана Дервишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.